Понедельник, 6 мая

Курулуш компаниялардын шылуундугу качан токтойт?

0

Курулуш компаниялардын шылуундугу качан токтойт?

Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна жеке салымын кошуп, турак – жайлуу болууну каалагандардын арасында тилекке каршы көйгөйгө кабылгандары да жок эмес. Мындай абалга туш болгондор парламентке кайрылып, арыз – армандарын айтып келишет. “Иликтеп көрсөк, бир эле курулуш компаниядан жабыр тарткан тургундардын эсеби 800гө чамалаптыр. Жалпы эсептей келгенде 4 миңдей жарандар үй куруудагы үлүштөрүнөн кур жалак калган деген мисалдарды да санап берген эксперттер бар”, — деди депутат Аида Исмаилова  “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Эл өкүлүнүн маалыматына ылайык, учурда кырдаалдын картинасын көрүп, турак жай сатып алууда алданган жарандардын укугун коргоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясы иштелип жатат. Бул багытта өкмөт өкүлдөрү, курулуш тармагындагы адистер, юристтер жана тиешелүү тараптар менен биргеликте иш жүргүзүлүүдө.

Бирок, курулуш компаниялары сунушталып жаткан мыйзам долбоорунан чоочулап, — “Бул биздин ишибиздин алсызданышына, экономиканын басаңдашына алып келчү көрүнүш”, — деген пикирди карманышууда. Антип, бүтүм чыгарууга негиз жок, — деген депутат, — мыйзам долбоорунда эки тараптын тең кызыкчылыктарын тең салмактай турган сунуштар камтылып, бардыгына Өкмөт өзү көзөмөлдүк кылат, — деди.

Чындап эле азыр өзгөчө борбор калаабыз Бишкекте курулуш компаниялары жаандан кийинки козу карындай эле жайнап кеткен. Алар элден 2-3 жылдан кийин туракжай берүү убадасын берип, акчасын алдын ала алып коюшат. Бирок алардын кээ бирөөлөрү үлүш ээлерин акчаларын ушул мезгилдин аралыгында айлантып, пайдасын бир нече ирет көргөн соң, алдап кеткен учурлары да кездешпей койбойт. Мындан тышкары ошол курулган үйдүн сапаты курулуш нормаларына жооп бербейт: дубалдары бетондон эле заматта тургузулуп, жылытуучу материалдар коюлбагандыктан, кышында 20 даража суук болгондо суу, газ түтүктөрү тоңуп, үйдүн ичи жылыбай, ал эми жайында бетондон ысык өтүп турат. Жада калса балдар ойноочу, автомашина коючу жайлар да жок. Кыскасы, кенедей жерди бир айласын таап алып туруп, заматта көп кабаттуу үйдү монтаждап кура коюп, ири суммада акча жасоо курулуш компанияларынын башкы максаты болуп саналат. Тиешелүү мамлекеттик органдар сейсмикалык жана башка талаптарды текшербей эле комиссиядан “сыйкырдуу” жол менен кабыл алып коюшат. Айтор Өкмөт бул жагдайга да көңүл бура турган учур келип жетти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз