Воскресенье, 5 мая

Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга сууну сатууну көздөөдө

0

Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга сууну сатууну көздөөдө

Кыргызстан суу сактагычтарды кармоого кеткен чыгымдарды жабуу үчүн Өзбекстан менен Казакстандан акы талап кылышы мүмкүн.

Жогорку КеңешСуу кодексине жана «Суу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү экинчи окуудан кабыл алган. Ага ылайык, жарандыгына, менчигинин түрүнө жана чарба жүргүзүү формасына карабастан сууну пайдалануу үчүн акы алынары көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин «Республика Ата-Журт» фракциясынан депутат Умбетали Кыдыралиев өкмөт эмнеге суу сактагычтарга кеткен чыгымдарды жабууну кечеңдетип, сууну топтоп бергени үчүн кошуналардан акы талап кылбай жатканына кызыкты.

— Кыргызстандагы суу сактагычтардан жылына 22 млрд. куб суу Өзбекстан менен Казакстанга кетет. Бул деген биз суу сактагычтарда чогулткан суунун 80 пайыздан ашууну мына ошол кошуналарга берилет дегенди түшүндүрөт. Аталган суу сактагычтарды кармаганга бюджеттен өтө чоң өлчөмдө каражат жыл сайын бөлүнөт. Жакында эле Токтогул суу сактагычын оңдоо үчүн 450 миллион доллар бөлүү боюнча маселени карадык. Биздин өкмөт эмне себептен мына суу сактагычтарга кеткен чыгымды төлөп берүүнү кошуналардан талап кыла албай жатат?

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз