Воскресенье, 24 ноября

Өзбекстан түрк ишкерине 40 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирилди 

0

Эл аралык арбитраждык сот Өзбекстан өкмөтүн түркиялык Gunes Tekstil Konfeksiyon Sanayi ve Ticaret Ltd ишканасына 40 миллион доллар компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. 

Маалыматка караганда, 2004-2011-жылдары Ташкентте Turkuaz соода борборун негиздеген түркиялык ишкер Вахид Гюнеш 2012-жылы конфискацияланган мүлкүн кайтарып алуу үчүн эл аралык арбитраждык сотко кайрылган.

Кеңсеси АКШда жайгашкан инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор (ICSID) бул ишти жети жыл карап, октябрда түрк ишкеринин пайдасына чечим чыгарды.

Расмий Ташкент бул боюнча азырынча комментарий бере элек. Түркиялык ишкер ICSID борборунун чечимине канааттанганын билдирди.

– Биз 180 миллион доллар компенсация талап кылганбыз, бирок сот өзбек бийлигин 40 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди. Бирок баары бир биз бул чечимге ыраазыбыз.

Түркиялык ишкер Вахид Гюнеш Өзбекстанда жети жыл ишкердик менен алектенгенден кийин “салык жашыруу жана көмүскө экономиканын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү” айыбы менен тогуз ай камакта отурган. Turkuaz соода борбору 2011-жылы жабылган.

Гюнеш жана башка түрк ишкерлери өзбек бийлигине 700 миң АКШ долларын төлөп бергенден кийин аларга жеңилирээк айып тагылган жана өздөрү өлкөдөн депортацияланган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз