2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамдын долбоорун кароону депутаттар атайын улам-улам кийинкиге жылдырып келет. Бул тууралуу «kyrgyz.news” сайтына жарандык активист Рита Карасартова билдирди.
“2020-жылдын келээрине 2 айдан ашыгыраак гана убакыт калды. Депутаттар болсо бюджетти кароону создуктуруп жатышат. Ушинтип жылдырып, жылдырып отуруп декабрь айында шашылыш түрдө дүңүнөн кабыл алууну адатка айлантышкан. Калп эле элдин көзүнчө катуу сүйлөмүш болуп коюшат дагы баары бир кабыл алып беришет. Чындыгында мындай болбошу керек. Бюджет бул мыйзам ал азыр кандай кабыл алынса бир жыл бою биз ошону менен жашашыбыз керек. Бирок бизде андай эмес. Бизде эптеп кабыл алышат, андан кийин айтор окшоштуруп өөдүк -сөөдүк иш жүргүзө беришет”,-дейт Карасартова.
Бүгүн парламенттеги тармактык комитет депутаттары бюджет боюнча мыйзам долбоорун негизги баяндамачы, тагыраагы каржы министринин жок болгону үчүн күн тартибинен алып салган.
Эскерте кетсек ушуну менен бюджет долбоору парламенттеги комитеттердин жыйынынан үчүнчү ирет жылдырылды.