Павлодар облусунда мектептеги ур-токмок коомчулукка жарыяланды. 3-класстын окуучусун өспүрүм балдар көптөп токмоктоп, акырында тизелеп кечирим сураганга мажбурлашкан.
Баланын апасы Шолпан Абетова уулун балдар классташ кыздарынын өчүн алуу үчүн сабашканын айтышканын, бирок кыздар бул сөздү жокко чыгарышканын билдирген.
Абетованын айтымында мектептин жетекчилиги жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү бул ишти жаап-жашырып коюуну көздөшкөн. Бирок аял видеокайрылуу жасагандан кийин гана аткаминерлер айыптууларды жазалоого киришкен.
Өспүрүмдөрдүн кылыгы үчүн №33мектептин директору, завучу, бейбаштардын класс жетекчиси жазаланган. Айыптуу окуучулар жакшы окуганына карабай өзгөчө кармоо режиминдеги билим берүү мекемесине которулушу мүмкүн.