Пятница, 22 ноября

Акаев: Кримтөбөлдөрү менен күрөшүүдө ИИМ алсыздык кылууда

0

Депутат Жанар Акаев ИИМ криминалдар менен күрөшүүдө алсыздык кылып жатат деп эсептейт. Ал бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

“Өткөн аптада кафенин кожоюну киши колдуу болду. Бул ишкерлерге чоң сокку. Бүгүнкү күндө криминал башын жогору көтөрүп, а өкмөт мындай маселени чече албай турганын көрсөтүүдө. Ушул себептен Кыргызстандан ишкерлер кетип башташты. Жарым жыл ичинде 247 миллион өлкөдөн чыгарылып кеткен. Ири бизнес эле эмес орто бизнестерди да чыгарып кетишүүдө”, — деген депутат ИИМ крим дүйнөсү менен күрөштү жетиштүү алып барбай жатканын белгиледи.

Ошондой эле Жанар Акаев кримтөбөлдөрдү эмнеге абакка камоо иштери аткарылбаганына таң калды. Ал бул үчүн акча каражаты талап кылынбашын белгиледи:

“Реформа жүргүзүүгө акча керек дейсиңер, ал эми кылмышкерлерди жана кримтөбөлдөрдү темир тор артына жөнөтүүгө акча керектелбейт го?” – деди депутат.

Эске салсак жакында “Мадина” кафесинин ээси, ишкер Абдурехмановдун сөөгү Кочкор айылынын четинен табылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз