Понедельник, 20 мая

Ташиевди 9 пайыздык барьер да чоочута албайт

0

Учурда келерки жылы боло турчу парламенттик шайлоого карата шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр активдүү сунуштала баштады. Жаңы шайлоо мыйзамында ат салышкан партиялар үчүн өтүү босого 9 пайыз деп белгиленген. Бирок бул бардык эле эл өкүлдөрүнүн купулуна толо берген жок…

Экс-депутат Камчыбек Ташиев жаңы шайлоо мыйзамы боюнча пикирин билдирип, аны туура деп тапты.

“Ооба, 2020- жылы боло турган парламенттик шайлоонун өтүү босогосу 9% болуп белгиленген,азыркы маалда ошол босогону ылдыйга түшүрөлү деп айтып жургон саясатчылар ушул норма кабыл алынганда унчугушкан эмес. Көпчүлүгү парламенте олтурушкан. Эми гана айта башташты, демек ошол маалда Атамбаевдин демилгесине каршы чыгууга эрктери жеткен эмес.

Жеке мен 9% босогонун калуусун каалайт элем, саясий атаандаштыкта күч сынашалы. Эл чечсин кайсыл адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болоорун. АЛЛАХым буюруса элдин колдоосу менен парламенттке өтүп келебиз!”, — деди Камчыбек Ташиев.

Эске салсак депутаттар Исхак Масалиев менен Жанар Акаев 9 пайызды 5 пайызга азайтуу боюнча мыйзам долбоорун даярдашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз