Понедельник, 20 мая

Профсоюздар федерациясы боюнча жаңы жагдайлар ачылууда

0

Кесиптик кошуундар уюмунун ишмердүүлүгү боюнча жаңы жагдайлар ачылууда. Бул туурасында «kyrgyz.news” интернет сайтына депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

Айтымында мамлекеттик мекеме кызматкерлери ай сайын өзүнүн айлыгынын 1 пайызын профсоюзга которот. Мындан федерацияга бир жылда 1 миллиард сом каражат чогулат. Бул акчаны аталган уюм мугалимдердин, дарыгерлердин жана башка кызматкерлердин эс алуусуна, ден соолугун чыңдоосуна, айрым учурларда алардын укугун коргоого, кээ бирине материалдык колдоо көрсөтүүсүнө жумшашы керек болчу. Анткен менен кесиптик кошуундар уюмундагы чакан топ бул акчаларды каалгандай калчап келген.

“Болжолдуу түрдө кесиптик кошуундар уюмуна 1 миллиардга чукул каражат чогулат. Бирок бул акчанын саяда саны жок. 29 тармактык директорлор кеңешинин директорлору бул акчалардын тагдырын өз алдынча чечишет экен. Биз алгач ушул бир процентти эле карап баштаганбыз, бирок өздөрү митинг уюштуруп, демилгечи депутаттарды жаман атты кылып, ар кайсы депутаттарга байланышка чыгып абалды курчутуп жиберишти. Анан жакшылап карасак булардын мүлктөрү чыга баштады. Мыйзамсыз кеткен жерлер, чоң-чоң пансионаттар, мисалы “Саякатты” 49 жылга ижарага берип салышкан. Бул сатты дегенди эле билдирет да. “Достук” мейманканасынын 43 пайызы акционерлерге өтүп кеткен. “Голубой ысык-көл”, “Ала-Тоо” пансионатындагы жерлер сатылып кеткен. Ал эми “Жалал — Абад” курортундагы коррупция туу чокусуна жетиптир ЖЭБ биякта эле калат экен”,-дейт Рыспаев.

Ошондой эле депутат кесиптик кошуундар уюмунун уставы, мыйзамы менен алардын бухгалтериясын, ишмердүүлүгүн текшерүү мүмкүн эмес экенин, мындан улам комиссия түзүлүп анын алкагында иликтөө жүрө баштай турганын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз