Понедельник, 20 мая

Кудай сакта! Кыргызстанда “Кудай” көбөйдү

0

Бүгүн өзүн Кудай атаган Арстанбек Абдылдаевдин тарапташтары маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар дагы өздөрүн Кудай аташып, өздөрүнө карата да кылмыш ишин козгоону укук коргоо кызматтарынан талап кылышты.

Катышуучулардын бири кесиби боюнча кардиолог дарыгер Рано Арапова Арстан Алайдын чын эле Ааламдын элчиси экенине ишендирүүгө аракеттенди.

“Ал бийлик кыргыз элинин улуулугун даңктай албайт, адамзатты сактай албайт деп айтканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине кириптер болду. Эски түшүнүк боюнча Кудай деген түшүнүк материя эмес, энергия”, — деди Арапова.

Дагы бир катышуучу Элвира Сатыбекова: “Биз дагы Кудайбыз. Биз да өзүбүздү Кудай деп жарыялайбыз. Эми бизге карата да кылмыш ишин козгошсун. Эгер козгошпосо эртең Биринчи май ИИБине барып, кылмыш ишин козгоону талап кылабыз”, — деди.

Ошондой эле ал теңирчиликти дин катары каттоону талап кылышаарын да белгиледи.
Арстан Абдылдаевге жакында кылмыш иши козголгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз