Понедельник, 20 мая

Спорт Сарайындагы ремонт. Бүткөн ишке сынчы көп

0

Жумшак эмеректерде жылуу жумшак отуруп алып бүткөн ишке сынчы көп болуп жатат. Мындай пикирин Спорт ордосунун директорунун орун басары Самат Токтоналиев билдирди.

Айтымында спорт ордосундагы оңдоп түзөөлөрдү сындагандан социалдык тармактын колдонуучуларын жолугушууга чакырган. Бирок эч ким келген эмес.

«Биз курулуш компани менен келишим түзүп жатканда эң биринчи элди ойлодук, концерт, турнир көргөнү келгендер ыңгайлуу отурсун дедик, андан кийин каражатты үнөмдөөнү туура көрдүк, бул биздин мекемеге ошол эле учурда бюджеттик акчага экономия болду. Анан барып компаниянын эмблемасы турду. Мунун эмнеси жаман? Мамлекет бизге качан акча берет деп күтүп отура бербей ар бирибиз ушундай аракеттерди көрүүбүз абзел», -дейт Токтогалиев.

Эскерте кетсек спорт ордосундагы отургучтардын жаңыртылгандыгы туурасында маалымат ушул аптада белгилүү болуп, андагы ар бир отургучка чапталган курулуш компаниясынын эмблемасы коомчулукта катуу талкууга алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз