Понедельник, 20 мая

Спорт сарайына дагы акча керек

0

Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайындагы бассейн жакынкы жылдары калыбына келтирилет. Бул тууралуу аталган мекеменин директорунун орун басары Самат Токтоналиев билдирди.

«Спорт ордосундагы бассейнди иштетүү үчүн ири суммадагы каражат керек. Негизи бул Кыргызстанда олимпиадалык нормаларга жооп берген жападан жалгыз бассейн. Бирок анын үстү ачык. Ал эми үстү ачык бассейнди кармап туруу өтө көп каражатты, эмгекти талап кылат. Ошол үчүн биз анын үстүн жаап, жабык бассейн кылып оңдойлу деген пландарыбыз бар. Ал үчүн биздин эсептер боюнча 5 миллиондон 30 миллион долларга чейинки каражат талап кылынат экен. Бул акчаны жеке компаниялардын жардамы аркылуу тапса болот. Азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Менимче эки-үч жылда муну оңдосок болот», — деди мекеменин директорунун орун басары.

Ошондой эле ал Спорт ордосу салынгандан бери, дээрлик 45 жылдан бери оңдоп түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз