Понедельник, 20 мая

Келерки жылы айрым бишкектиктер турак-жайын мамлекетке берүүгө аргасыз болот

0

Бишкек мэрия тарабынан шаардыктардын керектөөлөрү боюнча кыймылсыз мүлктү баалоо учурда адекваттуу жүргүзүлбөй жатат. Бул тууралуу депутат Марат Аманкулов парламент жыйынында билдирди.

Айтымында мэрия шаардыктардан турак-жай сатып алууда көз карандысыз баалоочу тараптын кызматын колдонот. Эгер турак-жай ээлери белгиленген баага макул болушпаса анда кыймылсыз мүлк мамлекеттин эсебине сот аркылуу өткөрүлөт.

“Рынок баасына ылайык турак-жай бааланат бирок ал башынан эле адекваттуу болбой келүүдө. Анткени үйдүн ээси үйсүз калаарын эч ким көңүлгө албайт. Анын башка турак-жай табууга кеткен чыгым, оңдоо иштерине, көчүүгө, балдарын башка мектеп жана бала бакчаларга орноштурууга коротулган акча эсептелбейт. Үй ээси мэрия койгон баага макул болуп, анан кайра ошол сумманы алууда көп кыйынчылыкка кептелген учурлар да кездешет”, — деди депутат.

Депутат мамлекет жарандарынын Конституциядагы укугун коргоонун ордуна алар менен соттошуп жүргөнүн белгиледи.

Айтымында келерки жылы жолдорду куруу жана реабилитациялоо долбоорунун үчүнчү стадиясы башталат. Анда эстакаддык көпүрөлөр жана башкалар курулат. Мында да турак-жайлары мамлекеттик курулуш жүрүүчү жайга туш келип калган шаардыктар ушундай кыйынчылыкка кабылышат. Ошондуктан депутат алдын ала маселени жеңил, шаардыктарга да, мамлекетке да ыңгайлуу кылып чечүү жолдорун ойлонуштуруу керек дейт.

Ал өкмөткө шаардыктардын кыймылсыз мүлкүн баалоо процедурасын тыкыр иликтеп чыгууну сунуштады. Эгер зарыл болсо бул боюнча мыйзам долбоорун даярдоого Марат Аманкулов даяр.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз