Понедельник, 20 мая

Беш фирманын ээси Айсулуу Мамашева 10 жылда мамлекетке 100 сом салык төлөгөн

0

Депутат Айсулуу Мамашеванын иштегенине бир нече жыл болсо да мамлекеттин казынасына бир тыйын пайда келтирбеген беш фирмасы бардыгы белгилүү болду. Бул фирмалар жана андан түшкөн каражаттарды депутат айым жыл сайын толтурчу декларациясында көрсөткөн эмес, ушунча байлыктын ээси болгон эл өкүлү бир айда 17 миң гана сом киреше табаарын мамлекеттик документте белгилеген.

Economist.kg сайтында Айсулуу Мамашевага таандык кыймылсыз мүлктөр ачыкталды. Аталган сайт эл өкүлүнүн салыктан жашырган мүлктөрүнүн жүзүн ачууда бир катар иликтөө жасаган. Биз андагы маалыматтарга таянып Айсулуу Мамашеванын мамлекеттик казынага кандай “пайда” келтирип жатканын тизелмеледик:

Аталган сайт ачык булактардан алынган маалыматты депутаттын декларациясындагы маалыматтар менен салыштырган. Жыйынтыгында эл өкүлү беш фирманын кошо түптөөчүсү жана түптөөчүсү экени аныкталган. Ошондо ага аквапарк, аба жүк жеткирүү кызматын аткарган компания жана туристтик агенттик караштуу болуп чыкты.

А бирок Айсулуу Мамашеванын декларациясына таянсак ал (2015-жылдан 2017-жылга чейинки) ушул бизнестерге ээ болуп туруп бир айда 17 миңден 65 миң сомго чейин киреше тапкан. 2015-жылдагы кирешеси 210, 8 миңге жеткен, башкача айтканда айына 17 миң сом. Ал эми кыймылсыз мүлктөн 219 чарчы метрлик батири жана 166 чарчы метрлик офиси бар. А жакын туугандарынын эч кандай мүлкү жана кирешеси жоктугу белгиленген.

Ал эми 2016-жылы депутаттын кирешеси кескин өсүп, айына 53 миң сомго жетип, бир жылда 634 миң сомду көрсөткөн. Кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтары өзгөрүүсүз калган, жакындарынын акыбалы да ошол бойдон – эч кандай кыймылсыз мүлксүз жана кирешесиз.

2017-жылы депутат айымдын жылдык кирешеси 783, 5 миң сомго жеткен, бул айына 65,3 миң сом. Жакын туугандары болсо ушул жылы гана кыймылга келишип, иштеп башташканбы, а дегенде эле бир жылда 4 миллион 83 миң сом – айына 340, 3 миң сом киреше таап алышкан.

Адилет министрлигинин ачык базасында депутаттын беш фирмага ээлик кылаарын, алардын үчөөн өзү башкараары жазылган. Бул Кыргызстандын мамлекеттик кызматты аркалаган адамдардын бир учурда жеке ишкерчилик менен алектенүүсүнө тыюу салган мыйзамдарына каршы келээрин белгилейбиз.

Ал учурда жетектеген фирмалар:
1. Aisu-Lu ЖЧКсы. Бул фирма конкреттештирилбеген товарлардын кеңири түрүн дүңүнөн сатуу менен алектенет. 2009-жылы түптөлгөн фирманын тең ээси Лю Ин аттуу белгисиз жаран.
2. “Дасмия Авиэйшн” кыргыз-орус биргелешкен ишкана” ЖЧКсы. Фирма аба жүк ташуу менен алектенет, 2013-жылы каттоого алынган. Тең ээси Макеев Петр Анатольевич болгон фирма учурда Айсулуу Мамашеванын жетектөөсүндө.
3. KIT-TRAVEL ЖЧКсы. Аба жүк ташуу менен алектенет. 2006-жылы катталган.

Андан башка DASNUR ЖЧКсынын (турагенттик), AQUAPARK DASMIA ЖЧКсынын түптөөчүлөрүнүн бири Айсулуу Мамашева экени жазылган. Кызыгы бул беш фирма тең бир гана дарек менен: Бишкек шаарынын Горький көчөсүнүн 2-үйүндө катталган.

Аталган сайт бул фирмалардын салык төлөмдөрүнө да көңүл бурган. “Ачык бюджет” порталындагы маалыматтардан улам бул беш фирма тең салык төлөбөй турганы белгилүү болгон. Aisu-Lu жана AQUAPARK DASMIA иштеп баштаган жылдар арасында мамлекеттин казынасына бир сом да которгон эмес. — KIT-TRAVEL менен DASNUR фирмасында ИНН жок. Бир гана “Дасмия Авиэйшн” 2013 жана 2017-жылдары казынага 100 сом төлөгөн.

Мына ушундай, өлкөнү мыйзам талаасына чыгарууга бараандай салым кошчу бирден бир башкы бийлик бутагынын өкүлү өзү кирешесинин кайсы бир бөлүгүн мамлекеттик казынага ыраа көрбөй, жашыруун жол менен капчыгын кампайтууну чечиптир…

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз