Чүй облусундагы Токмок шаарынын төрөт үйлөрүнүн биринде иштеген ак халатчандар М.С, К аттуу жарандын (аты өзгөртүлдү) тирүү төрөлгөн баласын өлдү деп алдашкан. Үрөй учурган бул окуянын чоо жайын укук коргоочу Рита Карасартова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
SOS!!! SOS!!! SOS!!! Ушундайга чейин жетип калдыкпы???
«Эже сиздин жардамыңызга муктажмын, эмне кылышым керек, кайсы жактан жардам алсам болот. Мен ….,Чуй Токмок шаарынын болницасынан эгиз эки уул төргөм, бир жарым суткадан кийин бироосүн дене табы көтөрүлүп жатат деп, алып кетишип бир сааттан кийин чарчап калды деп коюшту, эмне болуп чарчаганын сурасак түшүндүрүп бере албай коюшкан. Баланы көрөлү десек өлүк канада деп көрсөтпөй коюшкан, милиция кызматкерлерин чакырып дагы баланы алалбай койдук. Ошо менен мен баланы көрбөй калдым, эртеси баланы жолдошума беришиптир. Көрсө морг деп алдап коюшуптур, аны больницанын ичинен эле алып чыгышыптыр. Себебин билүү максатында экспертизага бергенбиз, жыйынтыгы эки айдан кийин чыгаарын айтышканы менен, аны дагы чуркап жүрүп зор-зор менен чыгарттык. Анда бала ичтен өлүк төрөлгөн деп жазылыптыр. Бирок менин балам тирүү төрөлүп, эмчек эмип жанымда жаткан. Бизге берген бала менен менин баламдын бою, салмагы, башынын өлчөмү, көкүрөгүнүн размери дал келген жок. Ушунун баарын көрүп билип туруп, биздин милиция эч чара көрбөй жатат. Барбаган, кайрылбаган жерибиз калган жок. Врачтар болсо менин баламды аборт кылынган балага алмаштырып салышыптыр. Эч жерден чындык таппай жатам, 8 ай болду чуркап жүргөнүбүзгө эч жыйынтык чыкпай койду жардам бераласызбы? “- деп кайрылган.
Ошондой эле ал баласынын тирүү экенин энелик сезими менен билип турганын айтып, укук коргоочудан жардам сурап кайрылган. Рита Карасартова коомчулуктан “Кантип жардам бере алабыз?”-деп сураган.