Среда, 27 ноября

Арстан Алай “Кудай”, а муфтият унчукпайт

0

Жалпы элге өзүн Кудай деп жарыялаган адамдын сөзүн тыңшап баарыбыз унчукпай отурабыз дейт депутат Тазабек Икрамов.

Ал бүгүн парламент жыйынында Арстан Алайдын (Абдылдаев) маселесин көтөрдү.
Депутат жасалма “Кудай” менен жаралган маселеге чекит коюуга убакыт келип жетти деп эсептейт.

“Бул эмне дегендик?! Кайсы бир адам маалымат жыйынын өткөрө калып башка Кудай жок, Кудай деген менмин деп жатат. А биз баарыбыз аны тыңшап отурабыз. Муфтият да унчукпайт, бул билдирүүгө бир да реакция жасаган жок”, — деди Икрамов.

Ал КР муфтияттан Абдылдаевдин айткандарына тийиштүү чара көрүүнү талап кылды.
Эске салсак өзүн Арстан Алай деп атап алган Арстан Абдылдаев өзүн ААламдын элчиси, жаңы Кудай деп тааныштырган. Президентке сын тагып, ал өзүнүн милдеттерин аткара албай жаткандыктан аны Жараткан Ааламды жарыктандырууга элчи кылып жибергенин белгилеген. Ушул билдирүүсүнөн кийин Абдылдаевге карата кылмыш иши ачылып, “расалык, этникалык, улуттук, диний же диндер аралык каршылашууну жаратуу” беренесине негизделген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз