“Мен Фейсбук социалдык тармактын колдонуучуларынын сын-пикирлерине макул эмесмин. Мындай көрүнүштөр дүйнөлүк практикада көп кездешет. Жеке компания мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошсо, мамлекет дагы жеке жактарга бир нерсе бериши керек. Бул учурда биз спорт ордосунун отургучтарын сапаттуу оңдоп бердик, ордуна компанияны жарнама кылдык”,- деди “Элит Хаус” курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев.
Ошондой эле ал Кыргызстандагы башка ишкерлерди дагы толгон токой мамлекеттик мекемелердин ремонттук иштерине акча салууга чакырды.
“Мен кыргызстандыктарды, жарандарды мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууга чакырат элем. Челендж жарыялайм, урматтуу ишкерлер келгиле бардыгыбыз мамлекеттик мекемелерди оңдоп түзөөгө жардам берели. Өзүңүздөрдүн жарнамаңыздарды ошол жактарга жайгаштырсаңыздар болот.
Эмнеге көпчүлүгүңөр спорт ордосундагы жарнамага жармашып калдынар? Келиңиздер аэропортко баралы, ал стратегиялык маанидеги мамлекеттик объект бирок, ал жактагы траптардан тартып бардыгы брондолгон, бүтүндөй аэропорт жеке компаниялар тарабынан брондолгон. Келиңиздер аялдамаларды карап көрөлү. Бардыгы сынып, талкаланып турган, бирок жеке компаниялар аларды ижарага алып кооздоп жасап, ал жерге рекламасын жайгаштыргандан кийин сонун көрүнүп калды. Мына караңыздарчы “ока кола” бүтүндөй стадионду брондоп койгон. Компания бир нерсе бергенден кийин, ордуна бир нерсе алгысы келет. Мындай мисалдар миндеп саналат”, -деди ал.
Мындан тышкары Файзиев компаниянын бул ишин сындап, сөз кылгандар укмуштуудай реклама жасап бергенин айтып, ыраазычылык билдирди.