Понедельник, 20 мая

Муздак суунун баасы кымбаттайт

0

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрынан тартып Бишкек шаарында муздак сууга болгон баа кымбаттайт. Бул туурасында шаардык кеңештин кезектеги отурумунда белгилүү болду.
Маалым болгондой мэрия Бишкек шаардык кеңешинин суу менен камсыз кылуу жана агынды суулардын санитариялык көзөмөлү жөнүндөгү токтомунун негизинде долбоор иштеп чыккан. Учурда аталган документ коомдук талкууга коюлган.

Анда мэрия ичүүчу суунун 1 куб метр көлөмүн жай тургундар үчүн 1,5 эсеге көтөрүүнү сунуштоодо. Бул бир адамга 5,38 сомдон 8,1 сомго чейин көтөрүү дегенди билдирет. Мында баа бюджеттик мекемелерге дагы – 7,38 сомдон 9,1 сомго чейин кымбаттайт.

Эскерте кетсек, буга чейин муздак сууга бир адам орточо эсеп менен 67 сом төлөп келсе, эми 109 сомго чейин өсөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз