Понедельник, 20 мая

Мьянмадагы кырдаалды Эл аралык кылмыш сотунда кароого чакырык жасалды

0

Мьянмадагы мусулман-рохиньяларга каршы аскердик кылмыштар жана адам укугун бузуулар Эл аралык кылмыш сотунда каралышы керек. Бул тууралуу БУУнун Мьянмадагы адам укугу боюнча атайын бандамачысы Янги Ли Нью – Йорктогу маалымат жыйынында билдирди.

Айтымында Мьянмадагы аракандык мусулмандардын акыбалы жакшырган жок, укук бузуулар улантылууда.

“Азырынча аракандык мусулмандардын Бангладешке массалык качуусуна жеткирген жагдай дагы деле сакталып турат. Ошондуктан качкындардын Мьянмага кайрылып келүүсү коопсуз эмес”, — деди Ли.

БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Мьянманын аскери менен байланышкан компанияларга жана жооптуу тараптарга каршы санкция киргизүүгө чакырды.

1970-жылдан тартып Мьянмадагы мусулман-рохиньялар үзгүлтүксүз кол салууларга жана этникалык тазалоолорго кабылып келишет. Мьянманын эки миллионго чамалаш мусулмандарынын 80 пайызы коңшу өлкөлөрдөн башпаанек табышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз