Среда, 27 ноября

Атамбаевди абактан чыгара албай айла кетүүдө

0

Атамбаевди камерасынан кантип чыгарып сотко алып барууга арга издеп жатышат. Адвокат Замир Жоошевдин айтымында мурдагы президент сот процесстерине катышууга ниеттене элек.

15-ноябрда Биринчи май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде соттук отурум башталат. А бирок буга дейре кылмыш иши боюнча алдын ала угууга да мурдагы президент келген эмес. Ал камерасынан чыкпай, соттук угууга келбей мунусу менен өзүнө тагылган айыптарга макул эместигин, каршылыгын билдирүүдө.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында мыйзам боюнча мурдагы президентти желдеттердин коштоосунда мажбурлап алып келүү мүмкүн эмес. Анткени Кыргызстандын кылмыш-жаза Кодекси боюнча мажбурлап алып келүүнүн сот аткаруучулары гана жүзөгө ашыра алышат. Ал эми Атамбаев УКМКнын абагында кармалып жаткандыктан ал жакка сот аткаруучулары кире албайт.

“Бул жерде ЖАМКнын желдеттерин тартууга болот. Бирок желдет мыйзам боюнча мажбурлап сот процессине алып келүү милдетин аткарбайт. Бул укуктук казусту жаратат. Процессти айыпталуучусуз өткөрүүгө да мыйзам жол бербейт”, — деген адвокат бул чынжырча кантип чечилээрин билбей турганын кошумчалады.

Эске салсак ИИМ БАтукаевдин бошотулушуна Атамбаевдин түздөн түз катыштыгы бардыгын жарыялаган. Бул иш боюнча мурдагы президент күбө катары суракка баруудан баш тартып Кой-Таштагы үйүнөн чыкпай койгон. Мындан улам мажбурлап алып келүү операциясы өткөрүлүп, анын жыйынтыгында куралдуу кагылышуу орун алып Атамбаев күбөдөн айыпталуучуга айланган. 9-августта аны УКМКнын абагына камашкан.

Батукаевдин бошотулушу боюнча 19 адам айыпталып жатат. Алардын арасында врач-лаборанттардан баштап мурдагы аткаминерлердин бир даары бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз