Среда, 27 ноября

Пентагон Сириянын кен байлыктарын сактоо боюнча план даярдоодо

0

Пентагон Сириянын кен байлыктарын сактоо боюнча план даярдап жатат. Бул тууралуу сенатор-республиканец Линдси Грэм АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчысы Марк Майли менен жолугушкандан кийин билдирди.

Айтымында Сириянын аймагындагы кен байлыктарды ДЕАШ жана Ирандын террористтеринен сактоо зарыл.

Сенатор пландын кандай өңүттө болоорун чечмелеген эмес.

Америкалык ММКлардын маалыматына таянсак кеп Сириянын чыгышына 30 Abrams танкаларын жөнөтүү тууралуу болууда. Аны менен Россия жана Асаддын режиминин жанында кубаттуулук жагынан артыкчылыкка ээ боло алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз