Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын корутундусу коомчулукка ачык жарыяланат. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Алишер Мамасалиев билдирди.
Эске салсак ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуяны иликтөөгө атайын комиссия Жогорку Кеңештин 8-августундагы токтомунун негизинде түзүлгөн. Комиссиянын милдети окуянын келип чыгуу себептерин, өнүгүшүн иликтеп, бардык маалыматтарды чогултуу болуп саналат.
Мамасалиевдин айтымында комиссия келечекте мындай окуялар кайталанбашы үчүн көрүлүүчү тийиштүү чараларды да аныктайт.
“Окуя боюнча иликтөөлөрдүн корутундусун коомчулуктан жашырууга эч кандай себеп жок. Баары ачык айтылат. Бирок ачыкка чыкпай турган да жагдайлар бар, комиссиянын мүчөлөрү иштеп жаткан жашыруун документтер боюнча чектөө коюлган. Жашыруун документтерди УКМК бизден ачыкка чыгарбоо боюнча тил кат алгандан кийин берди ”, — деди ал.
Айтымында комиссиянын күн тартибинде мурдагы президент Атамбаев менен жолугушуу маселеси жок. Анткени бул тергөөгө басым жасоо иретинде болуп калышы ыктымал.
Ал эми Фарид Ниязов менен жолугушуу маселесине комиссиянын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгүнүн чечими менен чекит коюлган, алар президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси менен бет келишүүнүн зарылчылдыгы жок деп табышкан.
Ал белгилегендей 1-ноябрга чейин комиссия корутундусун чыгарышы керек. Бирок алар иликтеп жаткан жагдайда абдан көп талаш маселелер бар, комиссия мүчөлөрү да ар башка пикирди карманышууда. Корутунду болсо бардык мүчөлөрдүн кол коюусу менен гана тастыкталат. Андан кийин парламентке жөнөтүлөт.
7-8-августта мурдагы президент Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо аракети учурунда анын тарапташтары менен күч түзүмү кагылышкан. Тарапташтар куралдуу каршылык көрсөтүүгө чейин жетишкен. Анын кесепетинен күч түзүмүнүн бир кызматкери каза таап, дагы бири оор абалда ооруканага түшкөн.