ИИМ башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун отставкасын Ош шаарындагы ишкер талап кылууда.
Ишкер Жайнагүл Турдубаеванын айтымында үч жылдан бери Өмүрзаковдун тоскоолдугунан улам күйөөсүн уурдап кеткендерге жана каракчылык жасашкандарга карата акыйкаттуу чечимге жете албай келатат.
Ал белгилеген окуя 2016-жылы болгон. Оштогу “Мухаммед-Умар” спорт клубунун балдары Турдубаевага таандык болгон дүкөндү тоношкон. Ошол эле күнү күйөөсү Садыр Зарамовду күч менен алып кетишип сабашкан. Анын кесепетинен Зарамов жарым жыл сайын дарылануудан өтүүгө муктаж болуп калган.
“Ал эми дүкөнгө 804 миң сом зыян келтирилген. Ошол үч жылдан бери мен күнөөлүүлөр өз жазасын алышы үчүн бардык инстанциялардан өттүм. Бирок кайсы жерде болбосун ишти жапканга аракет кылышат, анткени бул ишке аралашкандардын арасында ИИМ башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси Улук Өмүрзаков да бар”, -дейт ишкер айым Турдубаева.
Ишкер айткандай кылмыш ишинин негизинде кармалгандар Улук Өмүрзаковго каршы көрсөтмө беришкени менен тергөө аны көңүлгө албай келет. Өмүрзаковдордун бир тууган күйөө баласы сотто Улук Өмүрзаковдун көрсөтмөсү менен спорт клубунун балдарын чогултканын айтып берген. Бирок бул дагы сотко таасир берген эмес.
“Улук Оштун облустук прокуратурасында иштечү. Аны кызматтан убактылуу четтетишти. Бирок жакында ал кызматтан четтетилбей эле декреттик эс алууда жүргөнүн, жакында жумушка чыгаарын уктум”, — дейт ишкер айым.
Айтымында учурда тергөөнү Оштон Бишкекке жөнөтүшкөн. Кылмыш ишин бир нече бөлүккө бөлүп салышкандыктан эми бул иш жамааттык кол салууга кирбейт. Ишкердин күйөөсүнө жети адам чогулуп кол салса да ар биринин иши өзүнчө каралып жатат. Акыйкатсыздыктан улам Турдубаева Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өткөрүп, Сүйүн Өмүрзаковдун отставкасын да талап кылган.