Соцтармактарда Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын тургуну Зарина Мамутова былтыр эгиз балдарын жарык дүйнөгө алып келгени, бирок дарыгерлер төрөтканадан анын бир баласын башка чарчап калган балага алмаштырып коюшканы айтылып жатат. Бул окуянын чоо жайын өз оозунан угуу үчүн «Kyrgyz.news» сайты Зарина Мамутовага кайрылды.
-Зарина, сиз балам тирүү болчу деп жатпайсызбы, балаңызды эмиздиңиз беле, төрөлөөрү менен ыйлады беле ?
-Ооба бала тирүү болчу, эмизгем, биринчи күнү эки баламды бирдей жанымда алып жаткам. Жакшынкай эле, ден соолугу чың бала төрөлгөн. Врачтар айына жетпей төрөлүп калган, бала алсыз болчу деп жатышат. Андай эмес, мен баламды көргөм, эгерде ден соолугу жактан мандем бар болсо мага баланы бир күнгө беришмек эмес. Бала дени сак болчу. Төрөгөндүн эртеси күнү баланы вакуумга жаткырабыз деп алып кетишип ошол бойдон чарчап калды деген жооп айтышты. Мен баламды көрөм дедим. Бирок мага бала моргдо экенин айтып тим болушту.
-Балаңыз чарчап калды дегенге ишендиңиз беле?
-Ооба, алгач ишенип Кудай берди, Кудай алды деп өзүмдү сооротком. Чарчап калганын укканда дароо милицияга чалдык, врачтар баламды атасына беришиптир, бирок мага башында айткандай баланы моргдон эмес, оорукананын ичинен эле алып чыгып беришиптир. Балдардын эгиз экенин бир айында эле билгем, муну уккандан кийин төрөгөнчө доктурлардын көзөмөлүндө болдум. Бардык анализдерин тапшырып, айткандарын кылчумун. Текшерүүлөр баланын дени сак экенин көрсөткөн. Ошондуктан эмнеге чарчап калганын билгим келди. Экспертизага бердик. Анын жыйынтыгы болсо менин балам ичимден эле өлүп калган, өлүк бала төрөлгөн деп көрсөттү. Бирок менин балам төрөлгөндө тирүү болчу да. Ошондой эле экспертизадагы маалыматтар менен мен төрөгөн баланыкы таптакыр башка болуп чыкты.
-Укук коргоо органдары эмне деп жатат?
— Алар ишти бир жумадан кийин эле жаап салыптыр. Биздин кайрылбаган жерибиз калган жок. Президенттен баштап, УКМК, Башкы прокуратура, премьер-министр, айтор баарына кат жаздык. Эч ким жооп бере элек. Мына 10 ай өттү көмүлгөн баланы казып алып, Казакстанга андан кийин Россияга ДНК анализин алууга жиберели деп уруксат кагазын ала албай жатабыз. Бир кагаз, справка алуу ушунча убакытты алды. Чыгымынын баарын өзүбүз чыгаралы, баланы казганга гана уруксат бергилечи деп суранып жатабыз. Жооп жок, топ тепкендей ары тоголотушат, бери тоголотушат. Эмне кылаарыбызды билбей калдык.
-Сиз балаңыздын тирүү экенин каяктан билесиз, балким ал чын эле чарчап калгандыр.
-Жок, ал тирүү. Мен сезип жатам. Муну эч түшүндүрө албайм, бирок мен эгизимдин түгөйү тирүү экенине 100 пайыз ишенем. Эгер ишенбесем издебейт элем. Эне сезет да. Эмнегедир жүрөгүм тынч, анын бир жерде жакшы эле багылып жатканын сезип турам. Мен аны табам. Эгизинин жанына кошуп, экөөн бирдей чоңойтушум керек.
-Бир күн жанымда болгон, кадимкидей эле эмизгем, ыйлаганын уккам деп жатпайсызбы ат койгонго жетиштиңиздер беле?
-Албетте, балдар төрөлө электе эле атасы аларга Баястан жана Султан деген ысым тандаган. Азыр Султанымды издеп жүрөм да. Болгону кыйналып кеттик балдар кичинекей, бир жагынан жумуш, же милиция кызматкерлери иштебейт. Султанымды издеп балдар үйүнө да барып келдим. Ал жакта көрүнбөйт. Башка бир үй- бүлөгө сатып жиберишкен окшойт.
-Башка дагы балдарыңыз барбы?
-Ооба, биздин алты балабыз бар. Үч кыз, үч уул. Султан менен жетөө болмок.