Среда, 27 ноября

Ирактагы башаламандыктын курмандыктары 30га жетти

0

Ирактагы өкмөткө каршы массалык каршылык акцияларынын жүрүшүндө 30 адам каза тапты. Бул тууралуу БУУнун Ирактагы адам укуктары боюнча Жогорку комиссар Башкармалыгынан билдиришти.

Анда айтылгандай партиянын офисинин кайтаруучулары жана коопсуздук күчтөрү менен кагылышууда акциянын катышуучулары тараптан курман болгондордун саны 30га жетти. Алардын сегизи Багдадда, алтоосу Майсанда, дагы алтоосу Зикарде, үчөө Басрада, бирөө Мусеннада каза тапкан. Буга дейре 24 адам курман болгону айтылып жаткан.

Ал эми жабыркагандардын саны 2047ге жетти, алардын арасында коопсуздук күчүнүн кызматкерлери да бар.

Маалыматка караганда Диванийе, Мусенна, Зикар, Басра жана Бабиль провинцияларындагы башаламандыктан улам комендаттык саат киргизилди.

Иракта 25-октябрда жумушсуздукка жана коррупцияга каршы массалык каршылык акциялары улантылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз