Түрк аскерлери сириялык шаар Талль-Абьяддын жай тургундарына жардам берүүгө бардык күч-аракетин жумшап жатат. Бул шаар “Тынчтык булагы” операциясынын жүрүшүндө террористтерден тазаланган.
Сириялык Хасан аль-Ахмед журналисттерге маек берип жатып үч айлык баласына жардам берген түрк жоокерлерине ыраазычылык билдирди. Аль-Ахмеддин айтымында жоокерлер анын оорукчан баласын көрүп дары беришкен.
Ошондой эле аталган шаарда суткасына сегиз саат ыкчам навайкана иштейт, ал Түркиянын Куралдуу күчтөрү тарабынан жеткирилген. Мында суткасына 3120 бөлкө нан бышырылат.
Сириялык улуттук оппозициялык армиянын жоокерлери Расулайнга алып барчу бардык жолдорго блокпост орнотушкан. Аймак күнү-түнү кайтарууда.
Сириялык оппозициянын жоокерлери бардык шектүү транспортторду текшерип, калкты жана алардын мүлкүн ар кандай теракттардан коргоодо.
22-октябрда Түркия менен Россия “Тынчтык булагы” терроризмге каршы операциясы жүрүп жаткан Сириянын түндүк-чыгышындагы кырдаал боюнча макулдашууга жетишкен. Макулдашууга ылайык бардык YPG бөлүктөрү курал-жарактары менен сириялык Мюнбич жана Талль-Рыфат райондорунан чыгарылат. Ошондой эле сириялык качкындардын мекенине өз эрки менен кайрылып келүүсүн коопсуздандыруу чаралары биргеликте көрүлөт.