Среда, 27 ноября

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип жатат

0

Бүгүн мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси белгиленип жатат.
Белгилүү инсандын мааракеси Баткен облусунун Кадамжай районунда уюштурулган.
Айта кетсек Абдыкадыр Орозбеков Совет доорундагы Кыргызстандын алгачкы жетекчилеринин бири болгон. Иш чарага катышкан өлкө башчысы дагы атактуу инсандын мамлекеттин түптөлүшүнө кошкон зор салымын белгилеп жумурай журтту аны үлгү кылууга чакырды.
Эскерте кетсек, Орозбековго жалган жалаа менен күнөө коюлуп, ал Сталиндин репрессиясына кабылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз