Белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун апасын тоноду деп шектелип кармалган Медет Бейшековдун апасы акыйкаттыкка жетпесе өзүн өрттөй турганын билдирди. Бул тууралуу Жыпаркүл Иманкалиева Бишкекте өткөн маалымат жыйындардын биринде айтты.
Көзүнө жаш алган Жыпаркүл Иманкалиева баласынын күнөөсү жок экенин айтып, чындык издеп бардык укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок анын катына эч ким жооп бербей жатканын билдирди.
“Менин баламдын күнөөсү жок экенин далилдеген фактылар турса дагы эч ким көңүл бурбай жатат. Президентке чейин кат жаздым. Эки айдан бери уйку бетин көрбөй УКМК, прокуратурада эле жүрөм. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго жолугайын деп барсам киргизбей коюшту. Колдору бошобойт экен. Мага окшогон карапайым элди кабыл албагандан кийин бизге алардын эмне кереги бар? Жазган каттарыма 14 күндө жооп беребиз дегенден башка эч нересе кылышпайт. Азыр кат жазбай калдым. Анткени аларды эч ким окубайт экен. Бүгүн саат экиде Коопсуздук кеңешинин кабыл алуусунда болом. Эгер ал жактан дагы эч кандай жардам болбой турган болсо өзүмдү өрттөйм. Башка арга жок. Менин жалгыз баламды жалган жалаа менен камап жатышат”,-деди Жыпаркүл Иманкалиева.
Эскерте кетсек ал буга чейин да коомчулукка кайрылып, баласы күнөөсүз жерден кармалып жатканын айткан болчу. Кийин Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү уурулукка шектелген башка адамдын көрсөтмөсүнүн негизинде уулуна дагы башка айыптар тагылганын билдирген.