Среда, 27 ноября

Түркия Грециянын легалсыз мигранттар боюнча позициясына сын айтты

0

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Грециянын бийлигин өлкөгө Түркия аркылуу барган легалсыз мигранттарды кайра түрк аймагы аркылуу мажбурлап кайтарууну токтотууга чакырды.
“Греция бул фактыны жокко чыгарганына карабай легалсыз мигранттар грек бийлиги тарабынан Түркияга кайра кайтарылып жатат. Мындай көрүнүш кургак жер аркылуу да, суу аркылуу да болууда”, — деп жазылган Түркиянын ТИМинин билдирүүсүндө.

Билдирүүгө ар кандай фотоматериалдар, документтер жана мигранттардын “грек бийлигинин өкүлдөрү тарабынан кармалышкандан кийин алардын жеке буюмдары кандайдыр бир расмий процедураларсыз конфискацияланып, өздөрү сабалып, андан кийин Түркиянын чек арасына грек аткаминерлердин коштоосунда жеткирилгенин” баяндаган көрсөтмөлөрү негиз кылынган.

ТИМ Грециянын аракети эл аралык укукту бузуу болуп санааларын белгилеп, Европа Кеңеши “Грецияны мындай аракеттерди токтотууга жана болуп өткөн окуяларды иликтөөгө чакырганын” эске салды.

“Биз Грециянын жаңы өкмөтүн болуп өткөн окуяларды жокко чыгарып, актангандан көрө бул эл аралык укукту бузган саясатты оңдогонго бардык күч-аракетин жумшоого чакырабыз. Окуялар боюнча бизде бардык маалыматтар Европа Кеңеши тарабынан тастыкталган документтер бар”, — деп кошумчалаган Түркия ТИМи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз