Среда, 27 ноября

Сириянын түндүк-чыгышында кезектеги теракт токтотулду

0

Сириянын оппозициялык улуттук армиясы өлкөнүн түндүк-чыгышында жайгашкан Талль-Абьяддагы теракттын алдын алды. Оппозициянын жоокерлери “Тынчтык булагы” операциясынын жүрүшүндө YPG/PKK террористтеринен тазаланган Талль-Аьяддагы райондорду текшерүүнү улантууда. Текшерүү убагында жардыруучу жабдык орнотулган автоунаа табылды.
Жардыруучу жабдык алынып жок кылынды.

Түркиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда аталган аймакта жакында дагы бир жардыруучу жабдык орнотулган автоунаа табылган. Мина жана жардыруучу жабдыктарды табуу жана зыянсыздандыруу боюнча түрк командасы бомбаны жок кылган.
Талль-Абьядда бир нече күн мурда мина коюлган мотоцикл жарылган, анын кесепетинен беш адам жабыркаган, арасында үч жаш бала бар.

Талль-Абьяд аймагы YPG/PKК террористтеринен 13-октябрда тазаланган.

22-октябрда Түркия менен Россия Сириянын түндүк-чыгышындагы кырдаал боюнча келишимге келишкен. Ага ылайык бардык YPG/PKК бөлүмдөрү курал-жарагы менен сириялык райондор Мюнбич жана Тальь-Рыфаттан чыгарылмак. Ошондой эле тараптар террористтик элементтердин инфильтрациясын алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды көрүшөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз