Среда, 27 ноября

Түркияда канча миллионер бар?

0

Түркияда банктагы депозити бир миллион түрк лирасынан ашкан жарандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги өлкөнүн Банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө агенттигине (BDDK) шилтеме берип маалымдады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын август айынын соңунда аталган категорияга кирген жарандардын саны Түркияда былтыркыдан 30 миңге жакын көбөйгөн  миңди түзгөн.

Ошентип Түркияда миллионерлердин саны 29928ге жетип, алардын банк эсептериндеги акчанын суммасы 1,244 триллион түрк лиринен ашкан. Ал эми 2018-жылы бул көрсөткүч 1,110 триллион түрк лири болчу.

Түркияда 2018-жылы бир салым кошуучу үчүн орточо депозиттин суммасы 6,2 миллион түрк лирасын түзгөн. 

Ошол эле учурда банк эсептериндеги каражаттар улуттук валюта түрүндө сакталып, бул сумма 474,884 миллиард түрк лирин түзөт. Калган бөлүгү – валюта же кымбат баалуу металл түрүндө сакталууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз