Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн карактаганга катышы бар деп айыпталып жаткан Медет Бейшеков 2018-жылы Кара -Жыгачтагы жеке үйлөрдүн бирине мыйзамсыз кирип 41 800 сомдук ноутбук жана телефон алып кеткен. Бул тууралуу“kyrgyz.news” сайтына Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Айбарчын Батырбекова билдирди.
Маалыматка ылайык Медет Бейшеков жана Д.Н аттуу жаран 2018-жылы 24-декабрда Кара -Жыгачтагы жеке үйлөрдүн бирине мыйзамсыз кирип 41, 800 сомдук ноутбук жана телефон алып кетишкен. Бул боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан 164-уурулук беренеси менен кылмыш иши ачылган. Мунун негизинде Д. Н. аттуу жаран Мирбек Атабековдун апасынын иши боюнча шектүү делген Медет Бейшеков анын өнөктөшү болгонун билдирген. Эске салсак бүгүн шектүүнүн апасы маалымат жыйынында баласы ак жерден айыпталып жатканын айткан.