Среда, 27 ноября

Кыргызстан «Doing Businessтин» рейтингинде 10 баскычка төмөндөдү

0

Кыргызстан «Doing Businessтин» версиясы боюнча 10 баскычка төмөндөп 190 мамлекеттин ичинен 80- орунду камсыз кылды. Бул туурасында аталган уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

Белгилей кетсек Бүткүл дүйнөлүк банк ар жыл сайын мамлекеттер арасында ишкерлерге түзүлгөн шарттардын жеңилдигине жараша изилдөө жүргүзүп келет. Мунун негизинде Кыргызстан быйыл 70-орундан 80-орунга түшүп кеткен. Былтыр, 2018-жылы өлкөнүн ишкерлердин өнүгүшүнө түзгөн шарты жакшыраак болуп, аталган рейтингде биз 70 – орунду камсыз кылганбыз.

Адистердин айтымында «Doing Business» рейтинги инвесторлор үчүн маанилүү. Анткени муну менен кайсы өлкөдө ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн аныктоого болот.

Бүткүл дүйнөлүк банктын рейтинги боюнча кошуна мамлекеттер арасынан Казакстан алдыга чыккан.
Казакстан 25-орунда, Орусия 28-катарда, Кытай 31-орунда, Өзбекстан 69-орун ал эми Тажикстан 106-орунду ээлеген.

Айта кетсек, «Doing Businessтин» рейтингиндеги алдыңкы орундарга Жаңы Зеландия, Сингапур жана Гонконг кирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз