Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Акүй алдына митингге чыкты. Ал жакында белгилүү болгон кабарга каршы экенин билдирүүдө.
Эске салсак жакында “Алтын-Ордо” жаңы конушундагы “Полиция шаарчасы” районунун көчөлөрүнүн бирине ИИМдин мурдагы министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганы маалым болгон. Мындай чечим Көк-Жар айылдык кеңеши тарабынан өткөн жылдын октябрь айында кабыл алынган. Тийиштүү кызматтар көзү тирүү адамдын ысымын көчөгө ыйгаруу мыйзамга каршы келбей турганын билдиришкен.
Бирок мыйзамга каршы келбегени менен коомчулуктун айрым катмары бул кабарды катуу нааразычылык менен кабыл алышты. Алардын бири укук коргоочу Токтонасыров бүгүн митингге чыгып, көчөгө мурдагы министрдин ысымын ыйгарууну демилгелегендер “мындай чечим чыгарууга моралдык укуксуз” экенин белгиледи.
“Конгантиев кайсы эмгеги менен көчөгө аты берилишине татыктуу болду? Ошону түшүндүрүп беришсин”, — деди укук коргоочу.
Конгантиев болсо “көчөлүү” болгонун жакында эле укканын, жаңы конуштун тургундарына ыраазы экенин билдирүүдө.
Белгилей кетсек аталган шаарчага көзү өтүп кеткен башка генералдардын да ысымы берилген.
Молдомуса Конгантиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяга чейин ИИМди башкарып турган.