Түрк Ресупбликасынын түптөлгөнүнө 96 жыл толду.
Мамлекеттин башкаруу системасы “Эгемендүүлүк жалгыз гана улутка тийиштүү” принцибинин негизинде куралган.
Түрк Республикасынын улуттук-боштондук күрөштөгү жеңишинен кийин улуттук лидер Мустафа Кемал Ататүрк мамлекеттик башкаруунун системасын модернизациялоо жана өлкөнүн демократиялык системасын бекемдөө боюнча кадамдарды иш жүзүнө ашырууга киришкен.
Мамлекеттик түзүмдөрдү Стамбулдан Анкарага көчүргөндөн кийин мамлекеттик башкаруу жана жаңы башчыны шайлоонун формасын так аныктоо зарылчылдыгы жаралган. Ага дейре мамлекеттин башында Улуу улуттук курултайдын спикери Мустафа Кемал Ататүрк турган.
Бир катар чет өлкөлөр Лозанн тынчтык келишиминин текстин бекитүү максатында Анкарадан мамлекеттик башкаруунун так аныкталган формасын талап кылышкан. Кырдаал Түркиянын жаңы өкмөтүнүн курамы менен парламенттин кайчы пикиринен улам татаалданган.
1923-жылдын 25-октябрында иштеп жаткан өкмөт отставкага кеткен жана саясий кризис башталган. Кырдаал Ататүрк тарабынан Республика деп жарыялоого мүмкүнчүлүк катары кабыл алынган.
1923-жылдын 28-октябрында өкмөттү түзүү ишке ашпагандыктан Мустафа Кемал Ататүрк Анкарадагы “Чанкая” сарайында тарапташтарына кийинки күнү республика түптөлгөнүн жарыялаарын айткан. Ошол түнү Ататүрк Исмет Иноню менен биргеликте 1921-жылы кабыл алынган Конституциянын беренелерине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдаган.
1923-жылдын 29-октябрында мыйзам долбоор партиялардын парламенттик фракцияларынын кароосуна коюлган жана төмөнкү мазмунга ээ болгон:
-Түрк мамлекетиндеги мамлекеттик башкаруу формасы Республика;
-Аткаруу бийлиги системасынын башында министрлер Кабинети турат;
-Президент жогорку мыйзам чыгаруу органынын депутаттарынан турган парламент тарабынан бир күндүк мөөнөттө шайланат;
-Президент мамлекеттик башчысы болуп эсептелинет. Ушул эле даражада зарылчылдык жаралса парламентте жана министрлер кабинетинде төрагалык кыла алат;
Ошол эле күнү мыйзам долбоор парламенттин кароосуна коюлуп, талкуудан кийин саат 20.30да жыйындын 158 катышуучусунун бир добуштан колдоосу менен кабыл алынган.
Республиканы жарыялоо кол чабуулар жана “Жашасын Республика!” деген кубанычтуу кыйкырыктар менен коштолгон.
Андан кийин президенттик шайлоо өткөрүлгөн.
Жашыруун добуш берүүдө жалпы 158 добушка ээ болгон Мустафа Кемал Ататүрк жаңы түрк мамлекетинин алгачкы президентине айланган. Шайлоодон соң парламенттин трибунасына Ататүрк чыгып, билдирүүсүн: “Түрк Республикасы бактылуу, ийгиликтүү жана жеңиштүү болот” деген сөздөр менен аяктаган. Ошону менен мамлекеттин аталышынын жана башкаруу формасынын айланасындагы талаш токтоп, өлкө жетекчилиги боюнча маселеге да чекит коюлган.
Түрк Республикасынын биринчи өкмөтүн түзүү миссиясы Исмет Инонюга берилген. Ал эми Фетхи Окяр спикер болуп шайланган.
Изменена система формирования правительства, согласно которой президент назначает премьер-министра, а тот в свою очередь представляет на утверждение главы государства состав Кабмина.
Түрк эли Республиканын түптөлүшүн 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү жана 30-октябрда майрамдайт.
1924-жылдын 26-октябрындагы жарлыкка ылайык Республика болуп жарыяланган күндү артиллериялык куралдан 101 ок чыгаруу жана расмий иш чаралар менен белгилөө чечими кабыл алынган.