Вторник, 26 ноября

БОРОНОВ: Кытай карызы үчүн жерибизди албайт

0

Кыргызстандын карызы үчүн Кытай мамлекети жерибизди же кайсы бир ишканабызды тартып албайт. Мындай мыйзам же келишимдер жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутат Аида Касымалиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Касымалиева парламенттеги тармактык комитет жыйынында Кубатбек Бороновго кайрылып: «Кытайга болгон карыздан кантип кутулабыз? Төлөй албай калсак, жерибизди алып коёт деген сөздөр болуп жатат. Бул боюнча өкмөт так маалымат бериши керек. Бизде карыздан кутулганга ушундай план бар деп жоопкерчиликтүү бирөө айтышы зарыл. Так маалымат болбосо, элде бүдөмүк ойлор жарала берет. Албетте балким силер 2025-жылга чейин иштебей калышыбыз мүмкүн. Мунун бизге тиешеси жок деп ойлойсуздар. Бирок андай эмес. Жоопкерчилик болушу керек”, -деди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов карыздан кутулуу боюнча өкмөттүн планы бар экенин айтты. «Биз деле кооптонуп жатабыз. Иштебей калсак деле Кыргыз мамлекетинде жашайбыз да. Бул тууралуу маселе чыкканда өкмөт так маалымат берген. Кытай менен болгон макулдашууда жерди алып коюу маселеси каралган эмес. Кыйынчылыктар бар бирок Кудай буюрса, карызды төлөйбүз»,-деди Боронов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз