Кыргыз экономикалык университетинде студенттерди сергек жашоо образына үндөө максатында «Тамеки түтүнүсүз университет» деген аталышта иш чара орун алды. Бул тууралуу “kyrgyz.news” сайтына Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган университеттин ректору Төлөбек Камчыбеков тамекиден баш тартуу оор экенин айтып берди. Камчыбеков маселени чечүүнү алгач өзүнөн баштаган, ал үчүн 2016-жылы студенттердин жүрүм-турумуна байланыштуу атайын жобо иштеп чыккан. Буга ылайык университеттин айрым жерлерин “тамеки түтүнү жок аймак” деп киргизген.
Мисалы университеттин территориясындагы 500 метр аралыгында чылым чегүүгө тыюу салган. Бул эрежени бир гана студенттер эле эмес бардык мугалимдер да сакташат.
Саламаттык сактоо министирлигинин коомдук саламаттык сактоону башкаруунун башчысы Айнура Акматованын маалыматына ылайык республикада чоң кишилердин дээрлик 40 пайызы тамеки тартат. Чеккендердин жашы 35-65. Адистердин айтымында тамекиден чыккан түтүн адамдын ден соолугуна өтө зыян, андан мышьяк, формальдегид, винилхлорид жана бензол сыяктуу жүздөгөн зыяндуу заттар чыгат.