2020-жылдын 1-январынан тарта сырттан келген машиналардын баасы кымбаттайт. Буга чейин бир катар депутаттар өкмөттү тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырган болчу. Анткен менен аткаруу бийлиги ЕАЭБдин курамындагы башка өнөктөштөр жеңилдетилген бажы төлөмүнүн мөөнөттүн жылдырууга негиз жок экенин алдын ала айтышкан деп билдирүүдө.
Машина кымбаттайт дегенден бери унаа базарына каттаган кардарлардын санынын өскөнү айтылууда. Буга байланыштуу эмитеден эле темир тулпарлардын баасы кымбаттап баштаганын айткан жарандар кооптонууларын билдиришүүдө.
Эскерте кетсек өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев 2020-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБдин алкагындагы 166 товардын жеңилдетилген бажы алымдары алынаарын айтып өкмөттү бул боюнча түшүндүрмө берүүгө чакырган болчу. Анда депутат азыр бир автонунааны чек арадан алып кирүү үчүн кошумча салыгына 500$ төлөп жатышкан болсо, 1-январдан тартып 5000$ ала башташат деп билдирген.