Понедельник, 25 ноября

Аңчылыкка шариатта тыюу салынганбы? Чубак ажынын жообу

0

Белгилүү дин аалымы Чубак ажыга түз эфирде бир жаран аңчылык боюнча суроо узатты.
“Жакында депутаттар сейрек кездешчү жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоорду колдобой коюшту. Жаныбарлар бизге аманатпы, Алла Таала алардын акысын бизден сурашы мүмкүнбү?” – деген суроо узатты жаран “Марал” радиосунун түз уктуруусунда.

Ажы аңчылыкка тыюу салуу маселеси учурда күндүн темасына айланып турганын белгиледи. Ошондой эле анын айтымында шариатта аңчылыкка уруксат берилген, бирок белгилүү себептерде гана.

“Аңчылык кылуу шариатта бар. Бирок ага муктаждык болушу керек: жегенге тамагы калбай калганда, ачка учурда жаныбарды атып этин жесе болот. Же балдарынын кийим-кечегине, башка муктаждыгына жаныбарды кармап сатуу муктаждыгы жаралса. Ал эми көңүл ачуу үчүн ойноп атуу болбойт. Көңүл ачып аткан учурда да анын этин түгөтө жеш керек, таштанды кылып таштап кетүүгө болбойт. Кайсы бир жаныбарлар азайып баратканда, же төлдөгөн учурда да кол салууга тыюу салынган. Бул биздин алардын тукумун улантуусуна мүмкүнчүлүк бербей койгонубуз болот”, — деди Чубак ажы.

Ал эми депутаттардын мыйзам долбоорун колдоого албай койгонун ажы бир жактуу айыптаган жок. Анын пикиринде түбөлүк тыюу салып койгон болбойт, бирок сейрек кездешкен жаныбарлардын тукумун өстүрүү үчүн кайсы бир убакка чейин аңчылык кылууну токтото туруу зарыл.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз