Парламенттик шайлоодогу 9 пайыздык босого чек партиялардын санын күчкө салып азайтууга барабар. Мындай пикирин депутат Исхак Масалиев билдирди.
Айтымында 9 пайыздык босого менен Жогорку Кеңешке келе турган партиялар жок эле дегенде 180 миңден кем эмес добуш топтошу шарт. Ал эми өткөн шайлоодо мындай көрсөткүчкө “КСДП” менен “Республика- Ата Журт” гана ээ болгон.
“9 пайыз босгодо партиялар 180 миңден кем эмес добуш алыш керек. Өткөн шайлоодо 180 миң добушту эки гана партия алган. КСДП жана “Республика- Ата Журт”. Мындан улам биз демилгечилер 9 деген санды 5ке түшүрүүнүн сунуштап жатабыз. 7 пайыз деген дагы көптүк кылат. Акыркы шайлоодо 1 миллион 800 миң жаран добуш берсе анын 1 миллиондон ашыгынын добушу менен депутаттар шайланып келген. Ошондо 600 миң, тагыраагы жарым миллиондон ашык шайлоочудардын үнү Жогорку Кеңешке жетпей калды. 9 пайызды киргизүү менен монополия кылууга аракеттер көрүлүп жатат. Эгер 9 пайыздык босого мыйзамдашып кетсе бир эки гана партия алмак салмак өздөрүнчө бийлик алмашып турушат. Бечаралардын партиясынын парламентке барышына мүмкүн эмес болуп калат”,-деди Масалиев.
Айта кетсек бир катар депутаттар тобу жаңы мыйзамды сунуштап жатышат. Ага ылайык парламенттик шайлоодогу 9 пайыздык барьерди 5 ке түшүрүү сунушталууда. Аталган мыйзам кечээ коомдук талкууга коюлганы маалымдалган.