Понедельник, 25 ноября

Өкмөт башчынын сөгүшүнө кабылган аткаминерлер

0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бир катар министрлердин орун басарларына жана статс-катчыларга сөгүш жана эскертүү бергени белгилүү болду. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда №597 жарлыкка 15-октябрда кол коюлган. Анын негизинде министрлердин 16 орун басарлары жана министрликтердин, мекемелердин бир нече статс-катчылары сөгүш жана эскертүү алышкан.

Эскертүү алгандар:

Айдин Шаршеева – Экономика министрлигинин статс-катчысы;

Ализа Солтонбекова – Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;

Бекболот Алиев — Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу Фондунун төрага орун басары;

Илияз Ташбаев – Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу Фондунун статс-катчысы;

Жаныл Алыбаева – Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;

Камалдин Токтосартов — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;

Кайрат Иманалиев – Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Миргүл Айдарова – Жылуулук – энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Токтогул Туманов – Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу Фондунун төрагасынын орун басары;
Сөгүш алгандар:

Айтмамат Кадырбаев – Өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктарын иштетүү Мамлекеттик комитетинин төрага орун басары;

Каныбек Адиев – Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;

Карыбек Ибраев — Өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктарын иштетүү Мамлекеттик комитетинин төрага орун басары;

Карагул уулу Жакып – Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы;

Калиман Маматова – Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун төрагасынын биринчи орун басары;

Мадаминжан Каратаев – Саламаттыкты сактоо министринин орун басары;

Эркин Чечейбаев – Саламаттыкты сактоо министринин орун басары;
Азырынча бул аткаминерлер өкмөт башчынын каарына кайсы кылыктары менен кабылганы белгисиз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз