Өкмөт кышка даяр бул туурасында биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Бороновдун маалымсатына ылайык апрель айында эле республикалык штаб түзүлүп, кышка даярдык көрүү жумуштары башталган. Жалпысынан 1 млрд 141 миң тонна көмүр керектеле турган болсо, азыр анын 430 миң тонна көмүрү алынган.
“Азыркы учурда күн жылуу болгондуктан, Нарын облусуна жана өлкө аймагындагы айрым бир жатак билим берүү жайларына гана жылуулук берилүүдө. Бирок, жылуулук иштеп чыгуу жайларынын баары кыш мезгилине даяр. Андан тышкары, жергиликтүү жана импорттук көмүр алууга келишимдер түзүлдү. Ал эми Бишкек ЖЭБинде азырынча 136 миң тонна көмүр кору топтолду. Ишкана ушу кезде 360 мВт кубаттуулугуна чейин электр энергиясын берүүгө даяр», — деди Кубатбек Боронов.
Эскерте кетсек учурда Жогорку Кеңеште калкты 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатат.