Понедельник, 25 ноября

Ысык-Көлдөгү суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө долбоор парламентте каралбай калды

0

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралмак. Бирок айрым депутаттар маселени күн тартибинен алып турууну сунушташты.

Аталган долбоордун демилгечиси Экмат Байбакпаевдин пикиринде мыйзам “Ысык-Көл” биосфералык аймагын бирдиктүү экологиялык система катары сактоого багытталып, улуттук маанидеги өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймагынын статусун, флораны жана фаунаны коргоонун жана сактоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен суу чыгаруунун жана тиричилик саркындыларынын айлана-чөйрөгө терс таасирин кыскартууга, Ысык-Көлдүн экосистемасынын булганышын болтурбоого багытталган.

Анткен менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев бул долбоордогу түзөтүүлөргө Ысык-Көл облусунун коомчулугу каршы болуп жатканын айтты.

“Бүгүнкү күндө Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун каражаттары Байкоочу кеӊеш тарабынан чечилип, облустун муктаждыктарына жумшалып келет”,-деди.

Белгилей кетсек, сунушталган мыйзам долбоорунун 2-беренесине төмөндөгүдөй өзгөртүү сунушталган:
2021-жылдын 1-январынан тартып Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусунун каражаттарын биринчи кезекте комплекстүү тазалоочу курулмаларды куруу боюнча шаар куруу документтерин жана ТЭН (техника-экономикалык негиздеме) даярдоого, тиричилик саркындыларын тазалоо чөйрөсүндө жаңы технологияларды киргизүү боюнча техникалык жоболорду (стандарттарды) иштеп чыгууга, сууну агымдалоого жана тазалоо курулмаларынын объектилерин курууну этап боюнча каржылоого жөнөтсүн деп жазылган.

Бирок аталган мыйзам депутат Максат Сабировдун сунушу менен күн тартибинен алынып салынды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз