1-ноябрда Кыргыз милициясына 95 жыл толот. Буга утурлай бүгүн бир катар Парламент депутаттары күч кызматкерлерин куттукташты.
ЖК депутаты Бакирдин Субанбеков милиция күнүнө карата куттуктоо сөз айтып ИИМ деги жүрүп жаткан реформаларга токтолду. Айтымында коомчулуктагы күч кызматкерлерине болгон нааразычылыктарга карабастан милициянын иши жакшырып жатат. Анткен менен бул тармакта эмгектенгендердин айлык маселесине көңүл буруп, акчаларын көтөрүү зарылчылыгын белгиледи.
Айта кетсек, 1-ноябрь ар жыл сайын Кыргыз милициясынын күнү белгиленип келет. Жогорку Кеңеште мурдагы ИИМ кызматкерлеринен үч депутат азыр ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.