Воскресенье, 24 ноября

Новопавловка тургундары бийликrе нааразы

0

Ушу тапта Ак үйдүн алдында митинг өтүп жатат. Анда чогулган Новопавловка айылынын тургундары бийликтен жер маселесин чечип берүүнү талап кылышууда. Айтымдарында 2005-жылы алган жер тилкелери ушул кезге чейин трансформация болбой келет. Алар буга чейин дагы өкмөткө, президентке, депутаттарга кайрылуу жолдогондорун билдиришүүдө.

Чогулгандар Эльвира Сурабалдиева, Иса Өмүркулов, Жанар Акаев, Тазабек Икрамов эшикке чыккыла биздин мамелени чечип бергиле убадаңарды аткаргыла деп кыйкырышууда.

«Чыккыла эшике элдин көйгөйүн чечебиз деп убада бергенсиңер»,-дешүүдө.

Митингди милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Болжолу менен акцияга 30га чукул адам чогулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз