Воскресенье, 24 ноября

Адамдарды жүзүнөн тааный турган камералар кантип иштейт?

0

Бишкек ШИИБинин алдындагы санариптештирилген борбор ачылды. Бүгүн, 31-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков бул борбор менен таанышты.

Анда айтылгандай борбордун түзүлүшүнүн максаты коомдук коопсуздукту камсыздоо болуп саналат, адамдардын жүздөрү камерага тартылышы коопсуздукту бекемдейт. Ошондой эле жарандардын билдирүүлөрүнө, ар кандай кабарларга ыкчам көңүл бурулат жана кылмыштар менен жоруктардын бетин ачуу жогорулайт.

Сооронбай Жээнбеков борбор калаанын көчөлөрүн онлайн-көзөмөлгө алуучу командалык борбордун иши менен таанышты. Анда айтылгандай эгер борбордун кызматкери көчөлөрдүн биринен кандайдыр бир окуяны баамдап калса ал тууралуу “102” линиясына система аркылуу кабарлайт. Окуя болгон жерге патрулдук экипаж жөнөтүлөт.

Борбордо 8 сааттык нөөмөт менен 14 адам иштейт. Мындай сегиз топ бар.
Ошондой эле борбор сырткы кызматтын кызматкерлерине көзөмөл кылган санариптик байланышты башкарат, ал жакка милиция кызматкерлери, инспекторлор жана аймактык кызматкерлер кирет.

Байкоо коомдук жайларга орнотулган жана путрулдун формасына жабыштырылган көзөмөл камералары аркылуу ишке ашат.

Реалдуу убакыт режиминде иштеген видеокөзөмөл аппараттары аркылуу кырдаал бааланат, окуя болгон жерге жакынкы милиция кызматкерлеринин картасы каралат, алар шашылыш түрдө окуя болгон жерге жиберилет. Андан тышкары көзөмөл операторлору шектүүлөрдү байкаштырып, милиция кызматкерлеринин автоунааларында орнотулган онлайн режимдеги планшетке маалыматтарды жеткиришет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз