Воскресенье, 24 ноября

Бишкекте жылуулук эртең берилет

0

Мэр Азиз Суракматов жылуулук сезонун 1-ноябрда баштоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда объектерди жылуулукка туташтыруу жылдагыдай эле бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөтканаларга жана социалдык коргоодогу мекемелерге берилет.

Мектеп окуучулары 4-ноябрдан каникулга чыгышкандыктан мектептерге жылуулук жеткирүү жана температураны көзөмөлгө алуу иштери окуу процессине тоскоолдук жаратпайт.

Экинчи кезекте өткөн жылдагы жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана кышкы шартка даяр көп кабаттуу үйлөр, өнөр-жай ишканалары жана мекемелери туташтырылат.

Мэриядан белгилешкендей көп кабаттуу үйлөр жылуулук системасынан Маевский краны аркылуу абаны чыгаруусу шарт. Мындай кран эң жогорку кабаттагы үйлөрдүн жылуулук приборунда жайгашкан. Аба чыгаруу батирге жылуулуктун тез жетишин камсыздайт.

Жылуулук системасы боюнча бардык суроо 0312212847, 0312212844, 0500287070 (WhatsApp) телефондору аркылуу кабыл алынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз