Суббота, 23 ноября

Зериккен кыздын жоругу

0

Москва шаарында иштеп жүргөн кыргызстандык кыз зериккенинен элчиликке иш таап берди.
Кыргызстандык кыз Москвада иштеп жүрүп туугандарына телефон аркылуу байланышып, белгисиз бирөөлөр кошумча иш таап беребиз деп чакырышканынан келсе, бир үйгө камап коюшканын, бир гана суу берип жатышканын кабарлаган. Ошону менен кыздан көпкө дайын чыккан эмес.

Мындан кабатырланган туугандары тийиштүү органдарга кайрылышкан. Социалдык тармактарга да Таңзаада аттуу кыргызстандык Москвада дайынсыз кеткенин билдирген жарыялар чыккан.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына караганда кыздын жоголушу боюнча кырдаалды элчи Аликбек Жекшенкулов өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган. Кыргызстандын Москвадагы өкүлчүлүгү издөө иштерин баштаган.

Ал эми 30-октябрда жоголду деген кыз Москвадагы соода борборлорунун биринде жайма жай гана жүргөнүн бул окуя тууралуу кабардар жаран көрүп калган. Дароо кызды кармап туугандарын чакырган. Көрсө кыз үйүнөн качып кетип анысын белгисиз бирөөлөрдүн барымтасына туш болдум деген калпка айлантып койгон. Азырынча кыз эмнеге мындай жорукка баргандыгы белгисиз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз