Кыргызстандын аймагында уран кенин иштетүүгө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору үчүнчү окууда депутаттардын колдоосуна ээ болду. Депутаттар долбоорго бүгүн түштөн кийин добуш беришти.
«Республика аймагында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамдын долбоору кечээ талкууга алынып, бүгүн добуш берүүгө жөнөтүлгөн. Белгилүү болгондой уранды иштетүүгө тыюу салууга 110 эл өкүлү макул деп добуш берсе, бирөөсү каршы чыккан.
Эске салсак Кызыл-Омпол кенинде уран казылып жатат деп жергиликтүү эл митингге чыккандан кийин Жогорку Кеңеш менен өкмөт убактылуу тыюу салуу боюнча токтом кабыл алган болчу. Кийинчерээк бир катар депутаттар атайын долбоор иштеп чыгып ал парламентте эки окууда кызуу талкууланган.