Воскресенье, 28 апреля

Митингге чыккандарды депутаттар кабыл алды

0

Военно-Антоновка айылынын нааразы болгон жашоочулары депутаттар менен жолугушту. Бул туурасында «kyrgyz.news” сайтына акцияга чыккандар билдиришти.
Нааразы болгон эл эл өкүлдөрүнө жолукмайын Акүйдүн алдынан кетпейбиз деген принципте турушкан.

Нааразычылык акциясы кечке чейин уланды. Айтымдарында аларды депутат Тазабек Икрамов жана Нурбек Алимбеков кабыл алып бул маселени чечип берише турганын убада кылышкан.

Эскерте кетсек Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын аймагынан жер тилкесин сатып алып, бирок үй салууга уруксат ала албай жаткан жарандар митингге чыгышкан.

Сокулук районунун акиминин билдиришинче кызыл китеп берилген жерлерге курулуш иштерин жүргүзүү азыркы мыйзам боюнча болбойт. Анткен менен 3 үйдүн курулушу башталып, анын үстүнөн соттук териштирүүлөр жүргөн. Алардын тагдыры соттун чечиминен кийин белгилүү болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз