“Республика-Ата-Журт” партиясынын лидеринин алмашаары тууралуу маалыматтын пайда болгонуна көп болду. Аталган партиянын парламенттеги фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев алгач мындай маалыматтарды четке кагып келген. Бирок барган сайын имиш сыяктуу тараган маалымат тастыкталгансып баратат. Анткени жакында партия съездин өткөрүүгө камынып жатканы жана анда лидерди алмаштыруу маселеси каралаары маалым болду.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча съезд жыл соңуна чейин өткөрүлөт. Анын күн тартибине лидер маселеси менен чогуу партиянын “Ата-Журттан” бөлүнүп, баштагы “Республика” аталышына кайра кайтуу да коюлат. Өмүрбек Бабановду төрагалыктан алып, ордуна Мирлан Жээнчороевдин талапкердиги коюлат.
Эске салсак эки партия 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында бириккен. “Ата-Журт” менен “Республиканын” лидерлери Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун саясий тандеми парламенттик шайлоодо добуш алуу максатына түзүлгөнү маалым. Бирок шайлоо алдында Ташиев белгилүү жүйөлөр менен талапкердиктен калып, Бабанов фракциянын лидерине айланган.
Жакында Камчыбек Ташиев “Республика-Ата-Журт” деген партия эчак эле жок болгонун, а фракция парламенттин ушул чакырылышы соңуна чыкканга чейин иштей турганын жарыялаган. Ал “Ата -Журт” келерки парламенттик шайлоого өз алдынча бараарын белгилеген. Бирок “Ата-Журтта” Ташиев бул сапар да жалгыз төрага эмес, бул жолку тең төрага – Ахматбек Келдибеков.
Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин саясаттан биротоло кеткенин жар салган. Кийинчерээк анын Кыргызстанга кайтышын айрым эксперттер саясий кадамдарга даярдануу катары баалашкан. Бирок убакыт көрсөткөндөй саясатчынын партиясын башкаруудан баш тартуусу анын саясат айдыңынан биротоло жүз бурганын билдириши мүмкүн дейт айрым саясат талдоочулар.